​Абылгазиев: «Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун ролун кайра карап чыгуу зарыл»

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев улуттук стратегиялык изилдөө институтунун директору Эмилбек Каптагаев менен жолугушту.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

«Изилдөө жана сунуштарды мамлекеттик органдардын ишине активдүү колдонуу үчүн институттун ролун кайра карап чыгуу зарыл. — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, бүгүнкү абалды эске алуу менен институттун ролун өзгөртүү жана аны өркүндөтүү зарыл.

«Институт бийлик органдарын тиешелүү маалымат жана аналитика менен камсыздоого тийиш. Биз өз убактысында жана объективдүү маалыматтарды, ар түрдүү аналитикалык материалдарды алууга кызыкдарбыз” деп баса көрсөттү премьер-министр.

Сүрөт: өкмөттүн маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты