​Өзбекстанда журналисттердин ишине тоскоолдук кылгандарга $100 чейин айып пул салынышы мүмкүн

  • 4 года мурун

Өзбекстанда административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылууга байланышкан бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылгандарга (журналистти маалымат таратууга мажбурлагандар, аккредитациядан өткөрүүдөн негизсиз баш тарткандар, маалымат алуу укугун бузгандар жана журналисттин материалдары менен техникалык каражаттарын тартып алгандар) 46 000 сумдан 1,1 миллион сумга чейинки ($4,8-$115) өлчөмдө айып пул салынат.

Мыйзам долбоору 28-январга чейин коомдук талкууда болот.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты