​Салык декларациясы кабыл алына баштады

  • 4 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампанияны баштады.

Кезектеги декларациялык кампания эки этапта өтмөкчү: 1-мартка чейин – юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелер же жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Демек, үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин бирдиктүү салык декларацияны ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 1240 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты