Тажик тарап менен жерлерди өз ара алмашуу боюнча маселелерди иштеп чыгууга киришишти

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын топографиялык жумушчу тобу Кыргызcтан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлеринин жолугушууларынын натыйжасында кол коюлган протоколдун пункттарынын бирин аткаруу боюнча ишке киришти.

Белгилей кетсек, топографиялык жумушчу топко 2020-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргызстандын Баткен облусундагы Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Топографиялык жумушчу топтун жыйыны Баткен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында өтөт.

Учурда тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Мындан тышкары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына тиешелүү материалдар иштелип чыгууда.

Сүрөт: өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты