​Президент чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү

  • 4 года мурун

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тажик тарап менен чек арадагы абал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө өзү баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы даяр экендигин 13-январла чек арадагы абал боюнча кеңешмеде билдирди. Жолугушуу 14-январда, чек ара аймагында өтөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-январда, чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү.

Мамлекет башчысына чек арада чыр-чатактардын алдын — алуу, анын ичинде Баткен областынын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди.

Президент коңшу өлкөлөр менен чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүнү күчөтүү, чек арага жакын жайгашкан райондордун тургундарынын коопсуз жашоо-тиричилигин камсыз кылуу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Кечээ жакында эле Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн чек арасындагы туруктуу абалды биргелешип сактоого умтулуу аракеттери белгиленгенин эскертти.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки жакта тең чагымчыл аракеттерди болтурбоо үчүн чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер тажик тарап менен тыгыз байланышта жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Ошондой эле чек ара аймактарында мындай окуяларды болтурбоо үчүн жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, профилактикалык чараларды кабыл алуу зарылдыгы актуалдуу боюнча калууда.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тажик тарап менен чек арадагы абал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө өзү баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы даяр экендигин билдирди. Жолугушуу 14-январда, чек ара аймагында өтө турганын маалымдады.

Кеңешмеге Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев жана Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев катышышты.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Буга байланыштуу Баткен районунун Көк-Таш айылынын 250дөй тургуну коопсуз жайга чыгарылып, айылдагы мектепке жайгаштырылган. Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты