Бишкекте чек ара чырында кармалгандарды бошотууну талап кылган митинг өттү

  • 4 года мурун

Бишкек шаарында Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу кармалган төрт кыргызстандык жаранды чыгарууну талап кылган нааразылык акциясы өттү.

«Чек ара» коомдук бирикмеси уюштурган пикетте милиция тарабынан кармалган төрт киши «тажик жарандары уюштурган чагымга каршы турушканы үчүн кармалганы» айтышты.

Коомдук бирикменин мүчөсү Бекназар Айталиев Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевге кайрыла, төрт жаранды кармоо менен Баткенде жашаган элге моралдык басым болуп жатканын айтты.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Расмий маалымат боюнча, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын төрт жараны кармалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты