Айсулуу Тыныбекова Стамбулда өткөн турнирде алтын медаль утту

  • 4 года мурун

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Түркияда 10-12-январда өткөн Yasar Dogu 2020 эл аралык мелдеште алтын медаль утту. Бул туурасында спортчу өзү Instagram баракчасында билдирди.

Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашты. Ал финалдык беттеште азербайжандык Татьяна Омельченко менен беттешти. Кыргызстандык спортчу биринчи бөлүктү 5:0 эсеби менен жыйынтыктады. Ал эми экинчи бөлүк башталгандан бир мүнөт өтпөй атаандашынын далысын жерге тийгизип таза жеңишти камсыздады.

Мындан сырткары, дагы бир алтын медалды 59 килограмм салмак категориясы боюнча күрөшкөн Назира Марсбек кызы алды.

Ал эми 76 килограмм чен бирдикте чыккан Айпери Медет кызы 3-орунга ээ болду.

Сүрөт:Айсулуу Тыныбекованын инстаграм барагы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты