Душанбе: Кыргыз-тажик чек арасында абал оор, бирок көзөмөлдө

  • 4 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал оор, бирок күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы билдирди.

Кыргызстандын Чек ара кызматы абал туруктуу экенин, бирок эки өлкөнүн чек арачылары мамлекеттик чек араны бойлой күзөт жүргүзүүнү улантып жатышканын кабарлады.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Буга байланыштуу Баткен районунун Көк-Таш айылынын 250дөй тургуну коопсуз жайга чыгарылып, айылдагы мектепке жайгаштырылган. Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырган.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген маалымат тараткан.

11-январда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы акыркы абалды талкуулашкан. Ошол эле күнү 14-январда Кыргызстан менен Тажикстандын делегациясы жолугуп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулай тургандыгы кабарланган.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзсө, анын 519 чакырымы гана такталган.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты