Кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча жумушчу топтор жолугушат

  • 4 года мурун

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Тараптар Баткен облусунда болгон окуядан кийин кырдаалдын курчушуна алып келбөө, чагымчылдыкка алдырбоо боюнча комплекстүү чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Чек арага чектеш аймактардагы чыңалууну жоюу боюнча эки жакка бирдей болгон чараларды кабыл алуу маанилүү экенин айтышты.

Эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна январь айында Кыргыз Республикасынын аймагында кезектеги жолугушууну өткөрүү тапшырмасын беришти.

Ошондой эле тараптар окуяны ар тараптуу иликтөөнү биргелешип өткөрүү тууралуу макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

10-январга караган түнү 9-январдан 10-январга караган түнү Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Жака-Өрүк жана Көчө-Карын участкасында чатак чыгып, бир нече жолу ок атылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты