Россияда лотереядан миллиард рубль уткан утуш ээси табылды

  • 4 года мурун

Россияда «Столото» лотереясынан миллиард рубль уткан утуш ээси табылды. Ал Москва облусунун Юдино кыштагынын жашоочусу Надежда Бартош болуп чыкты.

Россияда Москва облусунун жашоочусу Надежда Бартош лотереядан миллиард рубль утуп алды. Бул тууралуу ал НТВ телеканалына билдирди.

Утуш жаңы жыл түнүндө жарыя болгон. Ал эми утуш ээси Надежда Бартош 9-январда гана байланышка чыккан.

«Өзүмдү миллиардер катары сезген жокмун. Адамдын бактысы акчада эмес же анын көп же аздыгында эмес» деди ал.

Утуп алган акчасын ал жеке бизнесине жана кайрымдуулукка жумшай турганын билдирди.

Лотерея утушу тууралуу ага кызы айтып келген. Лотерея кызынын машинасында болгон.

Наталья Бартош көп жылдары ири ишкананын кадрлар бөлүмүндө иштеп келген. Пенсияга чыккандан кийин жеке бизнесин ачкан.

3-январда Россияда, Москва алдындагы кичинекей Юдино кыщтагынан бир киши лотерея билетинен миллиард рубль утуп алгандыгы маалым болгон.

Ири утуш ээси Москва алдындагы Юдино аттуу айылдагы соода борборунан 13-декабрда 100 рублга лотерея сатып алган. Ал соода түйүнү жабыларына 7 мүнөт калганда № 131626314944 лотерея билетин сатып алгандыгы маалым болгон. Юдино айылында 1200 киши жашайт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты