FactCheck.kg баш редактору Темировго кол салуу фактысы боюнча АКШ элчилиги ​ билдирүү таратты

  • 4 года мурун

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги FactCheck.kg порталынын баш редактору Болот Темировго кол салуу боюнча билдирүү таратты.

Билдирүүдө мындай деп айтылат:

«АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 9-январда FactCheck.kg баш редактору Болот Темировго кол салууну айыптаганын билдирет. Биз Президент Сооронбай Жээнбековдун аппаратынын бул кол салууну айыптаганына жана окуяны тезинен иликтип чыгууга чакырганына кошулабыз.

Жалпыга маалымдоо каражаттары коркутуусуз жана коркунучсуз иштей алганда гана эркин болот.

Окуяны тез арада иликтеп чыгуу жана кол салгандарды жоопкерчиликке тартуу Кыргыз Республикасынын демократиялык баалуулуктарын, эркин жана ачык прессаны коргоо салтын улантууну камсыздоодо маанилүү роль ойнойт» деп айтылат билдирүүдө.

Кечээ, 9-январда, түшкө маал FactСheck. kg порталынын башкы редактору Болот Темировду белгисиз үч киши сабап кеткен.

FactСheck.kg басылмасы бир катар резонанстуу журналисттик иликтөөлөрү менен белгилүү.

Сүрөттө: Болот Темиров кол салуудан кийин.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты