​Абылгазиев: “Биз жылды жакшы башталыш менен баштап жатабыз”

  • 4 года мурун

“Биз жылды резервдер жана келечекке жакшы башталыш менен баштап жатабыз” деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бюджеттик саясат маселеси боюнча кеңешменин жүрүшүндө.

«Социалдык жактан мааниге ээ бардык төлөмдөр өткөн жылга карата ишке ашырылды. Авариялык абалдагы жана жаңы социалдык объекттерди куруу активдүү жүрүүдө. Бүгүнкү күнү калган сумма – 7,7 млрд сом. Биз аларды 2020-жылга пландалган бардык артыкчылыктуу программаларды жана долбоорлорду каржылоо үчүн бюджеттин учурдагы кирешеси менен катар кошумча резерв катары пайдаланабыз” деп белгиледи премьер-министр.

Бүгүнкү күнү виртуалдык көзөмөл-кассалык машиналар боюнча долбоор иштелүүдө, бардык май куюучу жайларда күйүучү- майлоочу майды эсептөөнүн автоматташтырылган системасые колдонууга даярдык көрүү, ошондой эле 2020-жылдын 1-июлунан баштап алкоголдук жана тамеки продукцияларын санариптик маркалоону милдеттүү колдонууну киргизүү боюнча даярдоо иштери жүрүүдө.

«Товарлардын эсепке алынбай ташылып келинишине каршы күрөшүү үчүн Казакстан менен чектешкен аймакта автоматташтырылган салмак көзөмөлдөөчү система иштеп жатат.

Жүктү ачпастан транспорт каражаттарды сканерлөөдөн өткөргөн Кыргыз Республикасы менен чектешкен ЕАЭБдин тышкы чек араларына инспектордук-текшерүүчү комплекстер орнотулду.

Бул бажы көзөмөлдөө процессин тездетип, декларацияны туура эмес толтуруу учурларын азайтат» деди премьер-министр.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты