​Болот Темиров өзүнө кол салууну журналисттик ишине байланыштырат

  • 4 года мурун

Factсheck kg порталынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу боюнча кылмыш иши телефонду уурдоо боюнча козголду.

Бирок Болот Темиров кол салуу журналисттик иши менен байланыштуу деп эсептейт.

Журналист мындай деп билдирди:

“Себеби кол салууга чейин белгисиз кишилер коңшулардан FactCheck KG кеңсеси кайда деп сурап жүрүшкөн. Уурулар эртең мененки саат 9:00 дөн 12:40 чейин телефон уурдайм күтуп жүрүшмөк беле? Ошондой эле каракчылар бири-бирине “чөнтөгүн аңтар же телефонду алдым” ж.б. дебестен, үн-сөзсүз сабашкан. Жанымда ноутбук да болгон, бирок кол салгандар ага кызыгышкан жок” деди ал.

Кечээ, 9-январда, түшкө маал Factcheck. kg порталынын башкы редактору Болот Темировду сабап кетишкен.

Factfheck.kg басылмасы бир катар резонанстуу журналисттик иликтөөлөрү менен белгилүү.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты