​КР өкмөтү: Казакстандын чек ара аркылуу товар жана жүктү кошумча текшерүүсү ЕАЭБ нормаларына каршы келет

  • 4 года мурун

«Казак тараптын Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу товар жана жүк алып өтүүдөгү кошумча текшерүүлөрдү киргизүүсү Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) нормаларына каршы келет» деп билдирди Кыргызстандын өкмөтү.

Өкмөттүн маалыматтык кызматынын билдирүүсүндө айтылгандай, Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга товар ташууда тараптар кыргыз-казак өкмөттөр аралык 8-кеңешинде Казакстан аймагы боюнча товарды тоскоолдуксуз ташуу үчүн навигациялык пломбаларды киргизүү жолу менен жүктөрдү текшерүүнү камсыздоо механизмин иштеп чыгууга макулдашкан.

Бирок товарларды көзөмөлдөөнүн бул эки тараптуу чаралары тараптар аны колдонуу механизмдерин так сактаган мезгилде гана мааниге ээ.

Казак тараптын бир тараптуу кабыл алган чечиминен улам Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Ак-Тилек автожол» өткөрүү пунктунун жанында оор жүк ташуучу автомобилдер топтолуп калууда.

Бул жагдайга байланыштуу Кыргыз Республикасынын өкмөтү тынчсыздануусун билдирип, Казакстанды интеграциялык бирликтин алкагында товарды эркин өткөрүү боюнча кабыл алынган милдеттемелерди аткарууга чакырат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев түзүлгөн жагдайга байланыштуу мамлекеттик органдарга кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги кырдаалды чечүү үчүн Казакстандын тиешелүү органдары менен сүйлөшүүнү активдештирүүнү тапшырды.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетине жакын Бишкек-Торугарт жолун бойлой 100гө жакын жүк ташуучу автоунаанун кезеги туруп калган. Кезек өткөн айдын аягынан бери сакталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты