Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Учурда абал туруктуу

  • 4 года мурун

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарында абал туруктуу. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

9-январдан 10-январга караган түнү Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Жака-Өрүк жана Көчө-Карын участкасында болгон окуяга байланыштуу КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр уланат.

Кечиндеги окуядан кийин Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын башчылары телефон аркылуу, кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшкөн. Окуя болгон аймак ыйгарым укуктуу өкүлдүн жеке көзөмөлүндө.

Күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан облустун күч түзүмдөрүнө жана жергиликтүү бийлик органдарына коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмалар берилген.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, бир нече жолу ок атылды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка ок атылган. Ош-Баткен автожолунун Орто-Боз айылынан өткөн Жака-Өрүк аймагында кыргыз жарандарынын эки машинеси талкаланган.

2019-жылдын 18-декабрында Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалдан кыргыз тараптан баш-аягы алты адам жаракат алды. Анын ичинде Ички иштер министрлигинин ички аскеринин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына да ок тийген. Жараат алгандардын арасында дагы бир милиция кызматкери жана үч жайкын тургун бар.

Эки өлкөнүн жарандары ошол күнү эртең менен чырдашып, бири бирине таш ыргытышкан. Кийин эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда саат 11:30да Тажикстан тараптан атылган октон Кыргызстандын ИИМинин бир кызматкери жарат алганын Кыргызстандын чек ара кызматы кабарлаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты