​Factcheck.kg баш редакторуна кол салуу кылмыш ишин ИИМ жетекчилиги өз көзөмөлүнө алды

  • 4 года мурун

Ички иштер министрлиги Factcheck.kg баш редакторуна кол салуу кылмыш ишин ИИМ жетекчилиги өз көзөмөлүнө алганын билдирди.

Андагы билдирүүдө мындай деп айтылат:

«Бүгүн, 9-январда саат 12:45, 102 маалымат борборуна Эркиндик жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен Factcheck.kg интернет сайтынын башкы редактору Болот Темировго белгисиз жарандар кол салып, телефонун алып качып кетишкен.

Аталган кылмыш окуясынын бетин ачуу жана күнөлүүлөрдү аныктап жоопкерчиликке тартуу боюнча учурда Бишкек шаардык ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө, издөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Factcheck.kg интернет сайтынын башкы редактору Болот Темировго карата жасалган кылмыштын бетин ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш иш чаралары ИИМ жетекчилигинин көзөмөлүндө жана тиешелүү кызматтарга кылмыш бетин ачуу багытында тапшырмалар берилгендигин баса белгилейбиз» деп билдирди ИИМ басма сөз кызматы.

Бүгүн, 9-январда, түшкө маал Factcheck. kg сайтынын башкы редактору Болот Темировду сабап кетишти.

Аталган басылма бир катар резонанстуу журналисттик иликтөөлөрү менен белгилүү.

Сүрөт: Кол салуу учуру түшүп калган видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты