​Болот Темиров: “Тишим бошоп калды. Кулагымдан кан агып жатат”

  • 4 года мурун

Бүгүн, 9-январда, түшкө маал Factcheck. kg сайтынын башкы редактору Болот Темировду сабап кетишти.

Би-Би-Си радиосу Болот Темировго байланышывп, ал –абалын сурады.

Болот Темиров: -Бүгүн түшкү саат он эки жарымдарда биздин кеңсенин короосунда үч жигит күтүп турду. Дароо эле бирөөсү келип аркамдан урду. Мен жыгылганда үчөө башка тепкилеп башташты. Колумда телефон бар эле, ал ыргып кетти. Алар качып кеткенден кийин туруп карасам телефонум да жок экен.

Би-Би-Си: Сизди алар күтүп турду деп калдыңыз. Алар күтүп турганны кантип билдиңиз?

Болот Темиров: -Эки күндөн бери короодо спортчулар «Фактчек» деген кайда деп сурап жүрөт деп мага айтышкан болчу.

Би-Би-Си: Маалыматты кимден уктуңуз?

Болот Темиров: -Кошуналарыбыздан сурап жүргөн экен.

Би-Би-Си: Азыр өзүңүзду кандай сезип жатасыз? Негизи кайсы жериңизден жаракат алдыңыз?

Болот Темиров: -Мээм чайкалды окшойт. Бир тишим бошоп калыптыр. Кулагымдан да кан агып жатат. Негизи алардын тепкиcb башыма тийди.

Би-Би-Си: -Кимдер сабады, эмнеге сабады деп ойлойсуз?

Болот Темиров: Азыр айта албайм. Арасында бирөө жол-жол болгон шапке кийип жүргөн.

Би-Би-Си: Сиздин сабалышыңыздын кесиптик ишмердүүлүгүңүзгө тиешеси барбы же башка эле себептер бары?

Болот Темиров: Азыр, мына жаңы эле биздин кеңсеге милициялар келди. Мен алардын суроолоруна жооп берейин.

Булак: www bbc. com

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты