Ханзаада Гарри менен жубайы падышалык үй-бүлө мүчөсү макамынан баш тартты

  • 4 года мурун

Ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл падышалык үйбүлөнүн мүчөсү макамынан баш тартууну чечишти.

Өз билдирүүсүндө алар каражат жагынан падышалык үй-бүлөгө көз каранды болбоо үчүн жумушка орношуу ниеттери бар экенин, ошол эле маалда ханышанын алдындагы милдеттерин аткара беришерин билдиришти.

Мындан тышкары жубайлар жаңы кайрымдуулук уюм түзө тургандыктарын айтышты. Азырынча анын кандай иштер менен алектенери белгисиз.

Букингем сарайы ханзаада менен жубайынын падышалык үй-бүлөнүн мүчөсү макамынан баш тартуу каалоосун түшүнүп турганын жана бардык маселени жөнгө салуу үчүн убакыт талап кылынарын билдирди.

Ханзаада Гарри менен америкалык актриса Меган Маркл 2018-жылы 19-майда баш кошуп, үйлөнгөндөн кийин Сассек герцогдору деп аталып калышкан.

Алардын 2019-жылы майда төрөлгөн уулу Арчи Харрисон британ тактысына мураскерлердин кезегинде 7-орунда турат.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты