Америкалык режиссер Айсулуу Тыныбекова тууралуу документалдык тасма тартты (видео)

Америкалык режиссер Рейчел Сайн кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова жөнүндө документалдык тасма тартты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Күрөш федерациясынын вицепрезиденти Байгазы Кенжебаев билдирди.

Анын айтымында, режиссер акыркы эки жылдан бери Тыныбекованы машыгууларында жана мелдештерде коштоп жүргөн.

— Ал Айсулуунун машыгууларын, жеке жашоосун тартып, дүйнө биринчилигинде биз менен чогуу жүргөн. Бул Айсулуунун жашоосу, балалыгы, үй-бүлөсү жана спорттогу жетишкендиктери тууралуу тасма. Азырынча премьерасы качан болорун билбейбиз. Менин оюмча, жаштарды шыктандыра турган тасма болот, — деди Кенжебаев.

6-январда Биргелешкен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча Айсулуу Тыныбекова мыкты балбан кыздардын рейтингинде биринчи орунга жайгашканы белгилүү болгон.

2019-жылы 20-сентябрда Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде алтын медалга ээ болгон. Финалда ал Болгариялык спортчу Тайбе Мустафа Юсейинди 5:3 эсебинде жеңип алган. Бул мелдештин жарым финалындагы жеңиши менен Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына жолдомо уткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты