​Нур менен айыктырууда колдонулуучу аппарат марттын аягына чейин алынып келинет

  • 4 года мурун

Онкология жана гемотология улуттук борбору 7 млн АКШ долларына «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун каражатынын эсебинен кымбат медициналык жабдууларды сатып алууга тендер өткөрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына 352 026 000 сомго нур менен кактап айыктырууда колдонулуучу 2 аппаратты алууга 2018-жылдын 28-ноябрында жарыяланган тендер боюнча сынак комиссиясы ишин баштаган.

2019-жылдын 11-апрелинде «MN Medical OU» ЖЧКсы менен 3 874 778 АКШ доллары суммасына 2 комплект «Нур менен кактап айыктырууда колдонулуучу аппарат» алууга үч жактуу (Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, Онкология жана гематология улуттук борбору) келишим түзүлгөн.

Келишимдин шарты боюнча финансы министрлигинин борбордук казынасынын түз эсебинен ташуучуга 10% (387 477 доллар 80 цент) аванс которулган.

Жабдуу 2020-жылдын мартынын аягында алынып келет.

Бардык процедуралар аяктаган соң радиологиялык корпустун 1 жана 2-нур менен кактап айыктырууда колдонулуучу аппараттар бөлүгүн капиталдык оңдоо кызматтарын сатып алуу боюнча тендердик иш-чаралар белгиленет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты