Тегеранда учактын кулашынын жагдайлары

Тегеран шаарында Украинанын Boeing 737-800 учагы кулап түштү. Бардык жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү каза болду. Жүргүнчүлөрдүн саны 167 жана 9 экипаж мүчөсү болгондугу айтылып жатат.

Учак кулаган жерден алгачкы сүрөттөр чыкты. BNO News агенттиги билдиргендей, «кимдир бирөөнүн тирүү калгандыгы тууралуу эч бир белги жок».

Учак кулаган учуру түшуп калган видеону Ирандын ISNA мамлекеттик агенттиги жарыялады.

Reuters агенттиги Иран телеканалына шилтеме менен бардык жүргүнчүлөр каза болгонун билдирди.

Иран аскерлеринин Ирактагы авиабазасына кол салуусунан кийин АКШнын авиация администрациясы америкалык учактарга бул аймактарда учуусуна тыюу салды. Жакынкы Чыгышта учууну токтотуу чечимин Air Canada дагы кабыл алды.

Учак кулаган жерден дагы сүрөттөр.




Украинанын президенти Владимир Зеленский учактын кулашы боюнча билдирүү жасады.

Ал өзүнүн билдирүүсүндө аталган иштин жагдайлары аныкталып жатканын билдирди.

РИА «Новости» Тегеран аэропортунун расмий өкүлүнө шилтеме менен учактын кулашынын себеби кыймылдаткычтын күйүшү экенин билдирди.

Учактын кара кутучасынын табылганы белгилүү болду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты