Жээнбеков кыргызстандык православдарды Рождество майрамы менен куттуктады

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы православдарды Иса пайгамбардын туулган күнү (Рождество) майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын маалымат кызматы тараткан куттуктоодо Жээнбеков бул жакшылык менен ак ниеттүүлүккө жана бири-бирине жардам көрсөтүүгө чакырган майрам экенин билдирди.

Президент Кыргызстан бардык салттуу диндерге сый мамиле кыларын белгилеп, жарандарды өлкөнү өнүктүрүү үчүн биргеликте кызмат кылууга чакырган.

Иса пайгамбардын туулган күнүн Орусиядагы, Украинадагы, Болгариядагы, Сербиядагы жана бир катар өлкөлөрдөгү православ чиркөөлөрү эски Григориан жылнаамасы боюнча 7-январда белгилешсе, жаңы Юлиан жыл эсебин карманышкан католиктер 25-декабрда өткөрүшөт.

Кыргызстанда христиан дининин православ багытын тутунгандардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет.

Иса пайгамбардын туулган күнү Кыргызстанда расмий майрам күн катары белгиленет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты