​Франция Австралияга өрт менен күрөшүүдө жардамын сунуштады

Франциянын Президенти Эммануэль Макрон өрт менен күрөшүүдө жардам сунуштады.

“Эртең менен мен Скотт Моррисонго (Австралиянын премьер-министри) телефон чалып, тилсиз жоо менен күрөшүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактап калыш үчүн тезинен жардам берүү сунушун билдирдим” деди Макрон Твиттер баракчасында.

Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Буга чейин Малайзия жардамын сунуштаган.

Австралияда өрттөн миллиондогон гектар жер өрттөнүп кетти. Өрттүн айынан кийинки убактарда 17 киши каза таап, миңдеген үйлөр өрттөндү жүз миңдеген жаныбарлар күйүп кетти.

Өлкөнүн бийлиги өрттөн жабыркаган райондорго авиация жиберүүдө.

Видео: euronews

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты