​Өзбекстан Тажикстан менен чек арасын минадан тазалады

  • 4 года мурун

Өзбекстан Тажикстан менен чек арасын минадан арылтуу иштери аяктаганын жарыялады.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн чек арасындагы миналарды тазалоо иштери Өзбекстандын каражаты жана күчү менен ишке ашкан.

Бул тууралуу Asia-Plus интернет-басылмасы Тажикстан өкмөтүндөгү өз булактарына таянуу менен билдирди.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 2018-жылы мартта Тажикстанга мамлекеттик сапар менен келгенде, эки өлкө башчылары 2019-жылдын аягына чейин чек араны минадан арылтуу иштерин аягына чыгарууга макулдашкан.

Өзбекстан Тажикстан менен чектеш тоолуу тилкелерине өткөн кылымдын 90-жылдарынын соңунда миналарды жайгаштырган. Расмий Ташкент «Өзбекстан Ислам кыймылынын» жоочуларын чек арадан өткөрбөө үчүн ушундай кадамга барганын билдирген. Тажикстандын Мина маселелери боюнча улуттук борборунун маалыматына караганда, акыркы 20 жылда 800дөн ашуун тажикстандык жаран минага жарылып мерт болгон.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты