​ИИМ: Кой-Таш окуясы боюнча шектүүлөрдүн мүлкү камакка коюлду

  • 4 года мурун

Кой-Таш окуясы боюнча шектүүлөрдүн мүлкү камакка коюлду. Бул тууралуу 5-январда Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө шектүүлөрдүн туугандарынын мүлкү боюнча чечим кабыл алынбаганы айтылат.

«2019-жылдын 7-8-август күндөрү болгон окуя боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекетке жана жарандарга келтирилген чыгымдын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында жазык-процессуалдык кодекстин 123-беренесинин негизинде жана мамлекеттик каттоо кызматы берген маалыматка ылайык оор жана өзгөчө оор кылмыш боюнча шек саналгандардын мүлкү камакка алынды. Ал эми шектүүлөрдүн туугандарынын мүлкү камакка коюлган эмес» деп билдирди ИИМ.

Былтыр 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана ички иштер министрлиги Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөй адам жабыркаган.

Кой-Таш окуясы боюнча 39 факт менен сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Атамбаевге жана анын айрым тарапташтарына айып коюлуп, камакка алынган. Кээ бирлери — үй камагында.

Сүрөт:RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты