​Кытайдагы кыргыз дипломаттары мыкты ашпозчулар катарына кирди

  • 4 года мурун

Тяньцзинь шаарында Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилиги дипломаттар арасындагы кулинардык мелдешке катышып жеңүүчлөрдөн болушту.

Бул иш-чара Кытайдын «Дипломат» журналынын колдоосу астында уюштурулду. Иш-чарага 200дөн ашык киши, алардын ичинде бизнес коомчулугу жана ММК өкүлдөрү катышты.

Мелдешке Пекин шаарында жайгашкан 11 дипломаттык миссия өкүлрү катышты, алардын ичинде Кыргызстан, Монголия, Македония, Иран, Непал, Португалия, Беларусь, Япония, Пакистан, Алжир жана Украинанын тамак — ашын көрсөтүштү.

Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин өкүлдөрү улуттук тамак-аш бешбармак, каттама, чак-чак, кургатылган жемиш, бал коюшту. Кыргыз өкүлдөрү 100 балл алып, «Мыкты кулинардык чебер» номинациясында жеңишке жетишти.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Сүрөт: Маалымат департаменти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты