​Алматыдагы учак кырсыгынын хронологиясы жарыяланды

  • 4 года мурун

Алматы эл аралык аэропорту Bek Air авиакомпаниясына таандык учактын кырсыкка учурашынын хронологиясын жарыялады.

27-декабрда таңга маал Алматы шаарынын жанына кулаган учакртын ичинде 93 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Казак бийлиги кырсыктан кеминде 12 адам каза тапканын билдирди. Учурда Ачакуматыдагы ооруканаларда жаткан 49 адамдын жетөөсүнүн абалы оор деп бааланууда.

Алматы аэропортунун маалыматына караганда, учак асманга көтөрүлгөндөн бир мүнөттөн кийин радардан көрүнбөй калган.

05.35 – каттоо башталган;

06.35 – каттоо аяктаган;

07.03 – жүргүнчүлөр учакка отургузулган;

07.21 – учак асманга көтөрүлгөн;

07.22 – учак радардан көрүнбөй калган;

07.24 – аэропорттун авариялык-куткаруу командасынын толук курамы үчүн айгай көтөрүлгөн (команданын курамында издөө жана авариялык-куткаруу кызматы, медициналык кызмат, жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу кызматы, атайын транспорт кызматы, аэродром кызматы, авиациялык коопсуздук кызматы, жүк ташуу кызматы, инженердик-авиациялык кызмат бар);

07.27 – аэропорттун авариялык-куткаруу командасы 6 «К» аймагына чогулган;

07.35 – учууларды көзөмөлдөө жетекчилиги учак кырсыкка учураганын кабарлаган;

07.36 – кырсык болгон жерге аэропорттун куткаруу командасынын өрт өчүрүүчүлөрдөн жана куткаруучулардан турган алгачкы тобу барып, абал тууралуу маалымат берип, эвакуацияны баштаган;

07.38 – кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулардан турган топ толук курамда барып, эвакуация иштерине кошулган;

07.39 – авариялык-куткаруу тобунун жетекчиси Алматынын медициналык мекемелеринен кошумча күч сураган;

07.42 – кырсык болгон жерге аэропорттун авариялык-куткаруу кызматы толук курамда барган;

08.10 – өз алдынча баса алган бардык жүргүнчүлөр эвакуацияланган;

29-декабрда Нур-Султан жана Алматы шаарларында авиакырсыктан каза болгон казакстандыктар жерге берилди. Алматыда кырсыкта көз жумган юстициянын генерал-майору Рустем Кайдаров менен коштошуу зыйнаты болду. Informburo.kz порталынын редактору Дана Круглова менен дарыгер Арман Исин Нур-Султанда акыркы сапарга узатылды.

27-декабрда Нур-Султан шаарына жол тарткан «Bek Air» компаниясына таандык учак таңкы саат 7ден өткөндө учуп чыгып, бир аз убакыттан соң радардан көрүнбөй калган.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги кырсык боюнча экспертизалар дайындалып, «Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты