​Замир Жоошев: «Жыл жаман окуялар менен жыйынтыкталып жатат»

  • 4 года мурун

«Жыл жаман окуялар менен жыйынтыкталып жатат» деп билдирди адвокат Замир Жоошев КСДП мүчөлөрүнө коюлуп жаткан айыптар тууралуу.

«ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы Кундуз Жолдубаеваны барымтага алуу; массалык баш-аламандык уюштуруу: бийликти күч менен басып алуу айыптарына шектүү деп тапты».

Ошондой эле аталган айыптар: 7-8-августтагы Кой-Таш окуясында «Альфа» атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт баш-аламандык уюштуруу, бийликти күч менен басып алуу беренелери менен КСДП мүчөлөрү — Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, ЖК мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев да шектелип жаткандыгын белгиледи.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту кечээ 27-декабрдын кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогондорду: КСДП төрагасынын милдетин аткаруучу, депутат Асел Кодуранова, партия төрагасынын орун басарлары, депутат Ирина Карамушкина менен Кундуз Жолдубаеванын бөгөт чарасын карап, үй камагында калтырды. Ал эми Мээрбек Мискенбаевди камакка алды.

Буга чейин Биринчи май райондук сотунун коллегиясы Равшан Жээнбековду 2020-жылдын 9-февралына чейин СИЗО-1 ге касоо чечимин күчүндө калтырган.

Равшан Жээнбеков “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча шектелип жатат.

7-8-август күндөрү Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери өлүп, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жараат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

Бул факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү тизмесине катталып, кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Атамбаевге Кой-Таштан мыйзамсыз жер алган, бийлик өкүлүн коркутуу, массалык баш аламандык, кылмышка аракеттенүү, барымтага алуу, куралдуу ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү жана ЖЭБ модернизациясы жана Батукаевди бошотуу боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып тагылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты