​Айсулуу Мамашева «Ата Мекен» фракция жетекчиси болуп шайланды

  • 4 года мурун

Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңеш депутаттыгынан кетип, анын ордуна «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын жетекчиси болуп Айсулуу Мамашева шайланды.

Фракция лидерин шайлоо боюнча «Ата Мекен» партиясынын жыйынында Садык Шернияз менен Сайдулла Нышановдун талапкерлиги коюлуп, бирок экөөнүн алган добушу тең чыгып калды.

Бул тууралуу Садык Шернияз мындай деп билдирди:

-Эки жолу добуш берүүдө тен чыгып калдык. Эми башка талапкерлер көрсөтүлөт. Жаштардан көрсөтөлү деп жатабыз, -деди ал.

Жыйынтыгында «Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп Айсулуу Мамашева шайланды.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты