​Казакстанда кулаган учакта бир кыргызстандык бар

  • 4 года мурун

Казакстанда кулаган Bek Air учагындагы жүргүнчүлөрдүн арасында чет өлкөлүк төрт жаран болгон.

Анын арасындагы кыргызстандык жарандын аты-жөнү Клыков Маг деп айтылды. Ал ооруканада жатат.

Бул тууралуу Казакстан ЖМКсы жазды.

КР тышкы иштер министрлигинин өкүлү Уланбек Дыйканбаев ЖМКда кулаган учакта бир кыргызстандык бар экенин, ал ооруканада жатканын билдирди.

Казакстанда Алматы-Нурсултан багытында учкан Bek Air авикомпаниясынын учагы бүгүн, 27-декабрда, эртең менен, саат 7 ге жакын кулаган. Анда 95 жүргүнчү жана экипаждын 5 мүчөсү болгон.

Акыркы маалыматтарда ТАССтын билдирүүсү боюнча 12 киши каза болгон. 49 киши ооруканага жаткырылган.

28-декабрда Казакстанда аза күтүү күнү жарыяланды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты