​Россия Кыргызстанда пилотсуз учак колдонууну сунуш кылды

  • 4 года мурун

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасында пилотсуз учактардын (дрон) бөлүгүн түзүүгө жол ачкан протоколду мамлекеттик Думанын кароосуна жиберди.

«Азаттык» билдиргендей, 26-декабрда Думанын электрондук маалымат базасынын сайтына илинген бул документ Кыргызстандын аймагында өзү учкан аппараттарды колдонууга да мүмкүнчүлүк берет.

«Келишим учкучсуз авиациялык системаларга жана пилотсуз учуучу аппараттарга байланыштуу терминдер менен толукталып жатат. Пилотсуз учуучу аппараттарды колдонууга байланыштуу Орусия менен Кыргызстандын мыйзамдарындагы дал келбөөчүлүк жоюлууда. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде пилотсуз учуучу жабдыктардын жана Орусиянын аба кемелеринин учууларын уюштуруу тартиби орнотулат», — деп жазылган документке тиркелген түшүндүрмөдө.

Эки өлкөнүн парламенттеринин ратификациясынан өткөндөн кийин күчүнө кире турган бул протоколго быйыл 28-мартта Путин Бишкекке келгенде кол коюлган. Жаңы макулдашууга ылайык, Кыргызстандагы бирдиктүү базанын жалпы аянты 58,3 гектарга чейин кеңейтилип, анын эсебинен ижаранын жалпы суммасы 4,5 млн. доллардан 4,79 млн. долларга көтөрүлмөй болгон.

Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасынын курамына Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдовар кыштагындагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт кирет.

Сүрөт: EPA-EFE

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты