​WP: АКШ Орусияга каршы кибер чабуул тактикасын иштеп чыкты

  • 4 года мурун

АКШ Орусияга каршы кибер чабуул тактикасын иштеп чыкты. Бул тууралуу The Washington Post гезити өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, кибер чабуулдардын тактикасы Москва Кошмо Штаттардагы 2020-жылкы шайлоого кийлигишүүгө аракет кылса колдонулат. Чабуул Орусиянын жогорку кызматтагы аткаминерлерине, атайын кызматтын өкүлдөрүнө жана ири ишкерлерге каршы багытталат.

Вашингтон алгач аларга шайлоого кийлигишүүнү токтотуу талабы жазылган кат жөнөтүлөрүн, болбосо алар тууралуу жашыруун маалыматтарды жарыялап, өз кызыкчылыктарына пайдалана тургандыгын билдирүүдө.

The Washington Post белгилегендей, дагы бир стратегия — орус элитасынын арасында жаңжал чыгаруу үчүн жалган маалыматтарды жайылтуу.

Быйыл мартта атайын прокурор Роберт Мюллердин командасы Орусиянын АКШдагы 2016-жылкы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү тууралуу иликтөөсүнүн жыйынтыктарын жарыялаган. Эки жылга созулган иликтөө Москва Кошмо Штаттардагы шайлоо жараянына таасир этүүгө аракет кылганын далилдеген. Бирок тергөөчүлөр Дональд Трамптын шайлоо штабы менен Кремлдин ортосундагы байланышты таба алышкан эмес. Москва башка өлкөлөрдөгү шайлоолорго кийлигишкендиги тууралуу маалыматтарды четке кагып келет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Сүрөт: AFR

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты