Ошто ӨКМ агенттигинин кызматкерин атып кетишти

  • 4 года мурун

Кечээ, 25-декабрда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө тез жардам кызматы тарабынан саат 20.20да Ош шаарына караштуу Озгур айылынын Кулматов көчөсүнүн №83 үйүнүн тургуну Бакыев Сапардын сөөгү алынып келгендиги тууралы кабарланган.

Белгисиз кишилер анын башына аткан. Октун изи жана мурун тарабынан чыккан изи бар экендиги аныкталган.

Маркумдун жашаган дароеги боюнча үй-жайын кароо учурунда сарайынын алдында уюган кандын жана андан төрт метр аралыкта белгисиз октун гильзасы табылган.

Бул факт боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине адам өлтүрүү боюнча катталып, ар тараптуу иликтөө иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Маркум Бакыев Сапар, 1984-жылы туулган. Үй бүлөлүү. Эки уулдун атасы. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу агентикти жетектеп турган.

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты