​Текебаев: Президент өкмөт башчы кылган иштерди «мен жасадым» деди (видео)

  • 4 года мурун

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Сооронбай Жээнбековдун 25-декабрдагы прессконференциясы жөнүндө «Азаттык» радиосу менен ой бөлүштү.

— Премьер-министр кылган иштерди «мен жасадым» деп айтып берди. Мамлекет башчынын бул сөзүнөн кийин парламент өкмөттүн отчетун укканда начар болсо да, колдоп берет. Кыргызстанда Конституция иштебей жатат. Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын көз көрүнөө эле президент алып койгон.

Мамлекет башчынын 2019-жылды жыйынтыктаган басма сөз жыйыны «Ала-Арча» резиденциясында өттү. Ага 90дон ашуун медиадан 188 кабарчы катышты. Бирок бир топ журналисттер суроо узатууга жетишпей калышты.

Президент сот реформасы, коррупция, социалдык маселелер жана башка багыттагы суроолорго үч саат аралыгында жооп берди.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты