Басма сөз жыйынында бир топ журналисттер Президентке суроо берүүгө үлгүрбөй калды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдагы жыйынтыктоочу пресс-конференциясында бир катар медианын кабарчылары суроо узатууга үлгүрбөй калышты.

Kloop порталынын журналисти Евгения Михайлиди президентке «учурда коомдо талкууланган көйгөйлөр жөнүндө суроолор берилбей калды» деген пикирин «Азаттыкка» билдирип, пресс-конференциянын форматы өзгөргөнүн «цензура» деп атады.

Быйыл президентке суроо берүү форматы өзгөртүлдү. Буга чейинки жылдары журналисттер микрофонго келип кезекке турса, быйыл маалымат жыйынынын катышуучуларынын кол көтөргөнүнө жараша президенттик аппараттын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева сөз берип жатты.

Стамалиева муну мамлекет башчынын убактысынын тардыгы, башка жолугушуулары бар экени менен түшүндүрдү.

Натыйжада Kloop басылмасы, «Настоящее время», «Апрель» телеканалдары, «ПолитКлиника» жана башка бир катар маалымат каражаттарынын өкүлдөрү суроо бере албай калышты.

Маалыматтык жыйында 29 журналист 50дөн ашык суроо берди. Маалымат жыйынына 188 журналист аккредитациядан өткөн.

Саат 11:00дө башталган басма сөз жыйыны 14:00дөн өткөндө аяктады. Башында жыйын 13:30да бүтөрү айтылган.

Бугүнкү басма сөз жыйынына катышууга 92 жалпыга маалымдоо каражатынан 188 журналист аккредитациядан өткөн. Алардын 160ы жергиликтүү, 15и чет элдиктер.

Жыйынды Коомдук телерадикорпорация түз ободо көрсөттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты