Жээнбеков: Атамбаевдин тагдырына жүрөгүм ооруйт

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйыны өтүп жатат. Жээнбеков Атамбаевдин маселеси баары бир жүрөгүн оорутарын айтты.

“Албетте, буга менин жүрөгүм дагы ооруйт, ойлоном. Мага да оңой эмес. Мен бир ууч кишинин кызыкчылыгын коргобой мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоого өттүм», — деди ал.

Бул туурасында журналисттин суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Өзүңөр көрдүңөр, кандай сөз айтылса дагы көңүл бурган жокмун. Мамлекетти экиге бөлгөнгө чейин барып, бийликти басып алууга чакырыктар болуп жатты. Мен токтоор деп күттүм. Баардыгы экөөбүздүн колубузда эле. Бирок аягында мени дагы, өзүн дагы, мамлекетти дагы туңгуюкка кептеп салды. Эми бардыгы мыйзам чегинде чечилет», — деди ал.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты