Жээнбеков Матраимов тууралуу: Бажы көйгөйү эл аралык маселеге айланып кетти

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйыны өтүп жатат. Президент Райым Матраимов тууралуу берилген суроого жооп берип, «Матраимовдун маселесин мага чейинки коррупционерлердин саясий технологдору мага жабыштырганга аракет кылып жатат«,- деп билдирди.

«Мага чейинки жылдардагы коррупционерлер жана алардын саясий технологдору элибиз коррупцияны жек көргөнүн билип туруп Райым Матраимовду коррупциянын символу кылып мага жабыштыргысы келип жатат. Атайын тергөө тобу түзүлдү. Ал иштеп жатат. Тапшырма берилди. Мен да карап турам. Убакыт керек. Эгер дагы билгениң болсо ошол фактыларды бергиле, тергөөгө жардамдашкыла деп жатам. Силер айттыңар, эми аны юридикалык жактан бекемдеш керек да. Айтып койсоң эле бирөөнү камай албайбыз, 1937-жыл эмес да. Бекемдеш керек. 27 жылда жасашпайт беле?! Бардык кезде ошондой болуп келген. Бажыны көзөмөлдөй турган органдар, президенттер өздөрү чогуу схемада отурган. Азыр менде бажыдабы, башка тармактабы “капчык” деген жок. Мен жогуна кызыкдармын. Ошондуктан санариптештирип жатабыз «,- деди президент.

Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө Райымбек Матраимовдун аты аталган.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты