Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны башталды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйыны башталып, 2019-жылы аткарылган иштер тууралуу маалымат берип жатат.

Президент журналисттерге колдоосу үчүн ыраазылык билдирип, 20 мүнөт сүйлөөрүн, анда бериле турган суроолордун бир катарына жооп табыларын айтты.

«Стабилдүүлүктү сактоо, коомдогу биримдикти бекемдөө, Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөгөн сырткы саясатты жүргүзүү, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, коррупцияга каршы күрөшүү, сот-укуктук реформаны жүргүзүү боюнча акыркы эки жылда ушул пландарды ишке ашыруу менен алек болдум», — деди президент.

Мындан сырткары президент аймактарды өнүктүрүү боюнча көптөгөн долборлор ишке ашканын айтты.

Маалымат жыйынды чагылдырууга 188 журналист каттоодон өткөн. Алардын 160ы жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болсо, 28и чет элдик ЖМКнын журналисттери.

Сүрөт: Политклиника

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты