Хабибула Абдукадыр Европа жана АКШдан кыймылсыз мүлк сатып алууга миллиондорду жумшаган

  • 4 года мурун

Хабибула Абдукадырдын үй бүлөсү Борбор Азиядагы мыйзамсыз карго бизнесинен миллиондорду тапкан. Бул иликтөөдө ал каражат дүйнөнүн ар кайсы жеринде эксклюзивдүү виллаларга, көз жоосун алган көп кабаттуу имараттарга жана кагаз бетинде гана калган инвестицияга кеткени билинди.

2012-жылдан тарта Кыргызстандан миллиондогон доллар Европа, АКШ жана Жакынкы Чыгыштагы банк эсептерине бир үй бүлө үчүн чыгарылып турган.

Акчанын көбү Перс булуңунан тарта Калифорниянын жээктерине чейин кымбат баадагы кыймылсыз мүлккө кеткен.

Мүлктүн тизмесинде Лондондун кымбат райондорунун бириндеги жер үй, Вашингтон шаарына чукул жердеги 1,2 миллион долларлык үй бар. Инвестициялык долбоорго Дубайдагы 26 кабат имарат да кирген.

Айрым жогорку класстагы кыймылсыз мүлк белгисиз себептерден улам курулбай токтоп калганы суроо жаратат.

Германиянын Аугсбург шаарынын депутаттары сырдуу курулуштардын биринин “инвестору же архитектору ушу күндөрү барбы, же дайынсыз жоголдубу” деп кызыгышкан.

Быйыл 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты