Болот Шамшиев эмгектери менен өзүнө эстелик тургузуп кетти

  • 4 года мурун

Бүгүн, 24-декабрда, кино сүйүүчүлөр СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, кыргыз кино кереметин жаратуучу, көрүнүктүү кинорежиссер жана сценарист, ССС Болотбек Шамшиев менен коштошту.

Президент Сооронбай Жээнбеков көрүнүктүү режиссер Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу көңүл айтуу кайрылуусун жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусун Президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду.

«Бүгүн СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээси, залкар режиссёр Болот Шамшиевди түбөлүк сапарга узатып жатабыз.

Ал керемет кинотасмаларды тартып, Советтер Союзунда гана эмес, эл аралык деңгээлде да таанылды.

Болот Шамшиевдин чыгармалары — кыргыз киносунун „кереметин“ түзгөн өзгөчө бир доорунун ажырагыс бөлүгүн түзөт.

Болот Шамшиевдин режиссердук таланты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу толук ачылып, ал ХХ кылымдын кино классиктеринин бири болуп калды.

Болот агабыз кыргыз тарыхын, айрыкча „Манас“ эпосун терең изилдөө үчүн олуттуу иштерди аткарды.

Ал „Манас“ эпосуна жөн гана эпикалык чыгарма эмес, биздин дүйнө таанымыбыздын уңгусу, ыйык феноменибиз катары мамиле кылды.

Биринчи тарткан илимий-популярдуу тасмасы Манас темасына арналды. Бул фильм Германияда өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгеге татыган.

Ал эми 1995-жылы „Манас“ эпосунун 1000 жылдык мааракеси белгиленгенде масштабдуу чоң театралдаштырылган оюндун башкы режиссеру болгон.

Болот Шамшиев залкар кинорежиссер гана эмес, көптөгөн актерлордун талантын, алардын ички дараметин ачкан көрөгөч жетекчи болгон.

Ал Сабира Күмүшалиеваны театрдан киного алып келген. Сүймөнкул Чокморовдун актердук улуу талантын ачкан. Советбек Жумадыловду, Орозбек Кутманалиевди кино дүйнөсүнө тартып, чоң кино жылдыздарына айландырган.

Болот Шамшиев мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да үзүрлүү эмгек өтөгөн.

Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон. Туризм жана спорт агенттигинин директору, элчилик кызматтарды аркалаган.

Ал өмүрүнүн соңку жылдары бир нече сценарийлерди, 10дон ашык кино долбоорлорду, үч чоң китепти жазды.

Жакында эле мени менен жолугушууда болуп, өзүнүн жаңы идеялары менен тааныштырган. Чыгармачылык пландары арбын эле.

Мамлекет тарабынан улуу сүрөткерибиздин эмгеги жогору бааланып, III, II даражадагы „Манас“ ордендери менен сыйланды.

Эң негизги сыйлыгы — элибиздин терең урматына татыды.

Болот Шамшиев бул дүйнөдөн кетсе да, ал жасаган эмгектери менен өзүнө түбөлүктүү эстелик тургузуп кетти.

Кыргыз өңүн ааламга тааныткан режиссер катары Болот Шамшиевдин жаркын элеси элибиздин эсинде калат.

Кош Болот Төлөнович! Кыргыз эли сиздин эмгегиңизди эч убакта эсинен чыгарбайт!

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!» деп айтылат мамлекет башчынын сөзүңдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты