​ЕАЭБге мүчө үч өлкө Россиянын жаңы мыйзамын сындады

  • 4 года мурун

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө үч өлкө Орусиянын базарында сатылып жаткан смартфон, компьютер жана «акылдуу телевизорлорго» кошумча орусиялык программаларды орнотууга милдеттендирген мыйзамга каршы чыкты.

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын алдындагы ички базарлардын иштеши боюнча департаменттин токтомуна таянып «Ведомости» гезити жазды.

Мекеменин маалыматына караганда, Казакстан, Беларусь жана Кыргызстандын өкүлдөрү Орусиядагы жаңы мыйзам биримдиктин ички базарынын ишине тоскоолдук кылышы мүмкүн деп эсептешет.

Евразиялык экономикалык комиссиянын басма сөз кызматы биримдикке мүчө өлкөлөрдүн бул пикири боюнча анализ жүргүзүлүп жатканын ырастады.

Орусияда кошумча программалык камсыздоолорду орнотуу тууралуу мыйзамды мамлекеттик Дума быйыл ноябрда кабыл алып, президент Владимир Путин декабрда кол койгон. А

га ылайык, 2020-жылдын 1-июлунан тарта смартфон, компьютержана акылдуу телевизорлорго милдеттүү турдө кошумча орусиялык программалар орнотулушу керек. Алардын тизмесин өкмөт аныктайт.

The Bell басылмасынын белгилешинче, бейрасмий түрдө бул мыйзам «Apple’ге каршы мыйзам» деп аталып келет. Аты-жөнүн билдиргиси келбеген орус аткаминеринин айтымында, бул чектөөлөр дал ушул америкалык корпорацияга жана анын продукцияларына багытталган.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Сүрөт: Интернет бюулактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты