Чычкан жылы алдында Ашхабадда чычкан көбөйдү

  • 4 года мурун

Азаттыктын» түркмөн кызматы Жаңы жыл майрамынын алдында Ашхабадда чычкан менен келемиш өтө көбөйгөнүн билдирүүдө.

Маалыматка караганда, чычкан менен келемиштер үйлөрдүн жер төлөлөрүндө, көчөлөрдө жана көрүстөндөрдө өтө көп кездешүүдө.

— Менин тааныштарым Аннау аркылуу Яшлыктан Ашхабадга тез-тез каттайт. Алар жолдо нары-бери өткөн чычкандарды көрүп айран-таң калышууда. Бир жолку каттам учурунда эле жыйырмадай чычканды кездештиришет экен, – деди ашхабаддык тургун.

Кемирүүчүлөрдүн көп болуп жатышы аларды жок кылуучу дармектерди тартыштыгы жана мышык азайгандыгы менен түшүндүрүлүүдө.

Түркмөнстан борборунда кемирүүчүлөр жана курт-кумурскалар маал-маалы менен тез тарап турат. Жергиликтүү тургундар бул көйгөй менен өз алдынча күрөшүүгө мажбур.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Сүрөт: Интернет бувлактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты