ЕАЭБ мүчө мамлекет жарандарына пенсия чектөө маселеси иштелип чыгат

  • 4 года мурун

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Санкт-Петербургда өткөн жыйындын жыйынтыгы боюнча кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердеги жарандарга пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууну баса көрсөттү.

Анын алкагында интеграциялык биримдик өлкөлөрүндө иштеген жарандар үчүн пенсия чектөө механизмдери иштелип чыгарын түшүндүрдү.

«Мисалга алсак, эгерде биздин жарандар Россия Федерациясында кандайдыр бир убакыт иштеп, кайра мекенине кайтып келсе, анда жалпы иштеген мезгили үчүн ага социалдык чегерүүлөр эсептелет. Аларга кийин пенсия чыгат… Макулдашуу биздин жарандарга башка өлкөдө иштесе да, пенсия менен камсыз болоруна келечектүү ишеним берет», — деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына Президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

ЖЕЭКтин жыйыны чакан жана кеңейтилген курамда өтүп, Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрүнүн башчылары ЕврАзЭСтин алкагында өлкөлөрдүн интергациясын мындан ары да тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты