​Лавров: Россия АКШнын санкциясына жооп кайтарат

  • 4 года мурун

Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров “Түндүк агым 2 долбооруна байланыштуу киргизилген санкция үчүн АКШга жооп кайтарыларын билдирди.

“Санкцияга жооп кайтарабыз, бирок өзүбүзгө зыяны тийбегендей болот. Бирок жооп кайтарарыбыз шексиз. Албетте, мамиле түзүүдө мунун баарын эске алабыз”, – деди Лавров.

20-декабрда АКШ президенти Дональд Трамп Орусиядан Германияга чейин салынып жаткан “Түндүк агым –2” газ кууру үчүн санкция киргизүү жөнүндө мыйзам долбооруна кол койгон.

Түтүктөрдү орнотуп жаткан швейцария-нидерландиялык Allseas компаниясы курулуш 90% бүткөнүнө карабай, жумушун токтотту. Allseas АКШнын тиешелүү органдарынан юридикалык, техникалык жана экологиялык түшүндүрмөлөрдү алганга чейин жумушту калыбына келтирбей турганын билдирди.

АКШ санкциянын негизинде “Түндүк агым – 2” жана “Түрк агымы” долбооруна тиешеси бар бардык компаниялардын жана чет өлкөлүк жарандардын америкалык активдерин бөгөттөйт жана виза берүүдөн баш тартат. Кошмо Штаттар бул долбоор Европанын энергетикалык коопсуздугуна коркунуч жаратат деп эсептейт.

Еврокомиссия легалдуу түрдө иштеген европалык компанияларга санкция киргизгени үчүн АКШны сындады. Германия өкмөтү болсо муну өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп атады.

Балтика деңизинин түбү аркылуу Орусиядан Германияга салынып жаткан газ куурунун курулушуна чыгыш европалык мамлекеттер да каршы болуп жатышат. Ал эми Брюссель бул долбоор Евробиримдиктин орусиялык көгүлтүр отунга көз карандылыгын күчөтүп, ички рынокко коркунуч жаратат жана шаркеттин энергетикалык саясатына доо кетирет деп эсептейт.

Орусиянын «Газпром» мамлекеттик компаниясы куруп жаткан, 11 миллиард долларга бааланган «Түндүк агым — 2» газ кууру Германияга жылына 55 миллиард куб метр көгүлтүр отун жеткириши керек. Газ түтүктөрү төшөлүп бүтсө, Орусия Украина аркылуу Европага жөнөткөн газдын көлөмүн азайта алат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты