Өзбекстанда парламенттик шайлоо өттү

  • 4 года мурун

Өзбекстан Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдө парламенттик шайлоону өттү деп жарыялады.

Жекшемби күнү түшкө чейин эле добуш берүүчүлөрдүн саны 42,3% пайызды түзгөн. Мыйзам боюнча шайлоону өттү деп жарыялоо үчүн шайлоочулардын 33% добуш берүүгө тийиш.

Шавкат Мирзиёев бийликке келген 2016-жылдан бери бул — өлкөдө биринчи жолу парламенттик шайлоо.

Саясий жарышка беш партия катышууда. Алардын баары бийликти жактайт. Маселен, «Өзбекстандын экологиялык кыймылы» – атомдук электр станциясынын курулушун кубаттаган, өзөктүк энергетиканы колдогон дүйнөдөгү “жашылдардын” жападан-жалгыз партиясы.

Оппозициячыл партиялар шайлоого катышкан жок.

13-декабрда ЕККУ Өзбекстан боюнча баяндама жасап, өлкөдө саясий системаны өзгөртүү боюнча жылыш бар экенине карабай, шайлоо жөнүндөгү мыйзамдар, өзгөчө жаңы партияларды каттоо ыкмалары өзгөртүлбөгөнүн белгилеген. Документке караганда, 2003-жылдан бери бийликке оппозиция болгон бир дагы партия каттоодон өткөн эмес.

Сүрөт:Ozodlik.org

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты