Туруксуз аба ырайы күтүлөт

  • 4 года мурун

Эртең, 21-декабрда, күндүз жана 22-23-декабрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт.

Көпчүлүк аймактарда кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолууу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү болушу ыктымал Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
24-26-декабрда абанын температурасы төмөндөйт:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° суук, Чүй облусунун түндүгүндө -7…-12° суук;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°, Ат-Башы районунда түнкүсүн -24…-29°, күндүз -12…-17°, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн-25…-30°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты