АКШ: Өкүлдөр палатасы Президент Трампка импичмент жарыялады

  • 4 года мурун

Өкүлдөр палатасы АКШнын президенти Дональд Трампка кызматынан кыянат пайдаланган жана Конгресстин ишине тоскоолдук кылган деген эки айып менен импичмент жарыялады.

Кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген берене боюнча импичмент жарыялоого 230 конгрессмен “макул” 197си “каршы” деген добуш берди.

Конгресстин ишине тоскоолдук кылуу боюнча берене менен импичментке 229 конрессмен «макул», 198и «каршы» деген оюн билдирди.

Республикачылардын ичинен бирөө да импичментти колдогон жок.

Эми Дональд Трампты кызматтан четтетүү маселесин АКШ Сенаты карайт. Импичмент үчүн добуштардын үчтөн экиси талап кылынгандыктан, ал эми Сенатта республикачылар басымдуулук кылгандыктан, Трамп кызматын сактап калары күтүлүүдө.

17-декабрда президент Өкүлдөр палатасынындагы демократтарга кат жолдогон. Ал атаандаштарынын аракетин “мамлекеттик төңкөрүш аракети” катары баалаган.

АКШда президентке импичмент жарыялоого жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн улам башталган. Атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген.

Президент Трамп буга байланыштуу терс пикирдеги дооматтардын баарын четке кагып келет.

АКШ тарыхында бул — ушундай үчүнчү добуш берүү. Өкүлдөр палатасы 1998-жылы Билл Клинтонго, 1868-жылы Эндрю Жонсонго импичмент жарыялоону колдогон. Бирок Сенат сунушту жактырган эмес.

1974-жылы Ричард Никсон импичмент процесси колго салууга жете электе кызматынан кеткен.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты