Райымбек Матраимов: «Абдукадырды инвестор катары билем»

  • 4 года мурун

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов “Азия news” гезитине маек куруп, өзүнө карата айыптоолорду куру каралоо деп атады.

Ал 700 миллион долларга эмес, 7 тыйынга да тиешеси жоктугун айткан мурдагы сөзүн кайталап, бул соодагерлердин акчасы экенин, аны медиалар атайылап жаманатты кылып жатканын билдирди.

Басылманын 19-декабрда жарык көргөн санында мурдагы бажычы гезиттин редактору Арсланбек Сартбаевдин суроолоруна жооп берип жатып журналисттик иликтөөлөрдө айтылган кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадырды тааный турганын мойнуна алды.

— Абдукадырды эл аралык деңгээлдеги инвестор катары 2007-жылдан бери билем. Аны менен эле эмес, сырткы ишмердүүлүк менен алектенгендердин көпчүлүгү менен кызматка жараша иштешесиң. Анткени базарды изилдеп, кайсы ири кеңселер Кыргызстанга пайда алып келип жатканын билип, алардын бизнес жасашына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү бажыда иштегендердин милдетине кирет эле.

Бажыда иштегенде план-тапшырманы аткарыш үчүн менеджер да болуш керек. Өзбекстанга келчү товарлардын көлөмүнөн Кыргызстан аркылуу өткөн жүктөрдүн көлөмү 10% жетпесе да керек. Менимче, мындай инвесторлордун иштөөсүнө шарт түзүп, мамлекетке инвестиция алып келинишин камсыз кылуу абзел. Бизде тескерисинче, чукуп, козгоп, тынчын алып, ар кандай тоскоолдуктарды жаратабыз. Мен билгенден бул киши курулуш багытында Өзбекстанга көптөгөн миллион долларлык инвестицияларды салып жатат. Мындан мамлекет эле пайда көрөт, — деди Райымбек Матраимов.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жасаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.

Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи. Матраимовдор болсо иликтөөдө айтылган маалыматтарды четке кагышкан.

Иликтөөгө байланыштуу бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианын үстүнөн сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азатттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана иликтөөнү басып чыгарган «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты