​Матраимовдордун «Азаттык», «Клооп», 24 kg жана Али Токтакуновго доосу боюнча сот башталды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 19-декабрда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык», «Клооп», 24 kg медиаларына жана журналист Али Токтакуновго койгон доосу боюнча сот отуруму башталды.

Матраимовдордун үй-бүлөсү “Азаттык” радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, “Kloop.kg” жана “24.kg” сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.

“Азаттык Медиа” мекемесине – 22,5 миллион сом; журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом; «24.kg» маалымат агенттигине – 15 миллион сом;Клооп Медиа” коомдук фондуна – 12,5 миллион сом.

Адвокат Акмат Алагушев бул иш коомдук резонанска ээ болгондуктан видео тартууга уруксат берүүнү өтүндү. Анын айтымында мындай уруксат берүү практикада болгон.

Адвокат Фатима Якупбаева мындагы журналисттердин баары эле доогер эместигин белгиледи.

Адвокат Тимур Султанов бул доо болуп көрбөгөндөй чоң суммага, 60 млн сомго коюлуп жатканын, коомдук резонанска ээ экендигин, сот ачык-айкын болушу керектигин белгиледи.

Бирок сот журналисттерге фото, видео, түз эфир тартууга тыюу салды.

Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөө жарыяланган.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты