Кыргыз Конституциясы ар бир динге бирдей укук берет

Кыргызстанда үч миӊден ашуун диний уюм катталып, бул уюмдар ич ара тынчтык жана диалогду сактап келет. Конституция динге ишенген адамдардын бардыгы үчүн бирдей укуктар менен эркиндиктерди кепилдейт.

Бул макаланын түп нускасы Cabar.asia аналитикалык порталында жарык көргөн.


Ар шейшемби жана ишемби күндѳрү Бишкектеги Воскресенск соборунан боорукердик автобусу шаарга чыгат. Боорукер айым Ольга, күзѳтчү жана айдоочу болуп үй-жайы жоктор жана аз камсыз болгондор чогула турган борбор калаанын эки жерине барып, аларга ысык тамак беришет. Ольга Яковлева алты жылдан бери «боорукердик автобусу» менен чыгып жүрѳт.

«Аларга кимдин жаны ачыйт? Биз ѳтүп кете беребиз, ал эми мындай кишилердин ар биринин тагдыры ар башка – кимдир бирѳѳ кокусунан кѳчѳдѳ калган, кимдир бирѳѳнү үйүнѳн кууп чыгышкан, балким бир кырсык болгондур», – дейт Ольга Яковлева.

Photo: CABAR.asia

Бул жолу мындай жакшы иш-аракетке «Умма» ислам журналынын кызматкерлери кошулду. Жаштар христиандардын үй-жайсыздарга тамак берип жүргѳндүгү тууралуу социалдык тармактардан кабардар болуп, бул ишке катышууну чечишкен.

«Бул идея абдан кызыктуу жана туура болгондуктан, биз да катышууну чечтик. Негизи эле диндердин баары теӊ жакындарга кол сунуп, жардам берүүгѳ чакырат. Биз дароо эле христиан чиркѳѳсүнүн демилгесине кошулууну туура кѳрдүк. Себеби, муктаждарга жардам берүү – эӊ сонун иш», – дейт активист Бекжан Юсупов.

Ѳлкѳнүн Конституциясынын 32-беренесине ылайык, Кыргызстандын ар бир жаранына абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденген:

  1. Ар кимге абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет.
  2. Ар ким ѳз алдынча же башкалар менен бирге ар кандай динди тутуу же эч бир динди тутпоо укугуна ээ.
  3. Ар ким диний жана башка ишенимдерди эркин тандоого жана тутууга укуктуу.
  4. Эч ким ѳзүнүн диний жана башка ишенимдерин билдирүүгѳ же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.

Азыркы учурда республикада 3 294 диний уюм расмий каттоодон ѳткѳн. Алардын ичинен 2 884 уюм ислам багытында болсо, 396 – христиан багытындагы уюмдар, ошондой эле иудаисттик, будисттик коомдор менен бахаилер бар.

«Кыргызстан полиэтностук, поликонфессиялык коом болуп саналат. Кѳз карандысыздыкка жеткенден кийин дин чѳйрѳсүндѳ либералдуу саясатка ээ болдук. Ошентсе да, бизде дин тутуу эркиндиги башка ѳлкѳлѳргѳ салыштырмалуу кыйла жакшы камсыздалган», – дейт Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Закир Чотаев.

Достук мамилелер

Ѳлкѳдѳгү мындай диний кѳп түрдүүлүк тарыхый калыптанып калган – азыркы Кыргызстандын аймагында түрдүү диндердин ѳкүлдѳрү жашап келген. Археологиялык табылгалар ар кайсы мезгилде бул жерде жашап кеткен уруулар менен элдер зороастризмди да, теӊирчиликти да, буддизмди да туткандыгын кѳрсѳтүп турат. Мындай кѳп түрдүүлүк республиканын аймагынан Улуу Жибек жолунун ѳтүүсү менен шартталган.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ѳкүлү Акимжан Эргешовдун айтуусу боюнча, Борбордук Азиянын аймагында ислам дини VII-кылымдын аягында пайда болгон. Кыргызстан 1991-жылы эгемендүүлүктү алган соӊ, алгачкы мусулман уюму – Мусулмандардын дин башкармалыгы негизделип, биринчи муфтий кызматка дайындалган.

Ислам коому кандай ѳнүгүп жаткандыгын цифралардан байкоого болот. Советтер Союзунун мезгилинде Кыргыз ССРнин аймагында жалпысынан 39 мечит болгон болсо, бүгүнкү күндѳ алардын саны үч миӊге чукулдап, калктын 80%нан ашууну ѳздѳрүн мусулман деп эсептешет.

150 жылдан ашуун убакыттан бери орустардын Православдык чиркѳѳсү Ислам менен бирге тынчтык ичинде жашап келет. Археологиялык маалыматтар ѳлкѳнүн аймагында христиан дининин орто кылымдарда эле пайда болгондугун кѳрсѳтүп турат. Бирок, православиенин азыркы тарыхы XIX-кылымда Кыргызстан Орус империясынын курамына кирген мезгилден башталат.

Андан соӊ, СССР мезгилинде бийлик атеизм саясатын жүргүзүп келсе, Бишкектеги Улуу князь Владимир соборунун кызматчысы Алексей Сыромятниковдун айтуусу боюнча, 1991-жылдан баштап, православ динчилдер атеисттик кысымдын токтогондугун сезе алышкан.

Бүгүнкү күндѳ Кыргызстандагы Орус православдык чиркѳѳсү динге ишенүүчүлѳрдүн саны жагынан ислам дининен кийинки орунда турган конфессия болуп эсептелет. Ал эми ѳлкѳнүн ичинде жалпы жонунан 54 храм бар.

«150 жылдан ашуун убакыттан бери жергиликтүү жашоочулар христиандарды оппонент, душман катары эмес, жакшы коӊшу катары кабыл алып келет. Биз бул салтты улантып жатабыз. Аймактардын биринде чиркѳѳ курууга байланышкан ѳтѳ сейрек мүмкүнчүлүк пайда болгондо, жакын жайгашкан мечиттердин башчылары – имамдар кѳп учурда финансылык колдоо кѳрсѳтүп, жардам беришкен. Бул болсо – бизде достук мамиленин бар экендигинин далили», – деп белгилейт Сыромятников.

Конфессия аралык ынтымак

Ислам жана православие диндеринен тышкары Кыргызстанда ѳтѳ кѳп эмес башка конфессиялардын ѳкүлчүлүктѳрү да расмий каттоодон ѳткѳн. Алардын бири – буддизм.

Бишкек шаарынын четиндеги Маевка айылында будисттер «Сапар Орду» («Место Пути») деп атаган чакан ибадаткана жайгашкан.

«Сапар Орду» 2001-жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп келет, ал эми жай боюнча жоопкерчилик – Кыргызстанга 1993-жылы эле белгилүү будда кечили Дзюнсэй Тэрасава алып келген Ниппондзан Мёходзи будда орденинин салттарын тутунган кечил Алексей Шмыгляга жүктѳлгѳн. Photo: CABAR.asia

Азыркы Борбордук Азиянын аймагында буддизм биздин заманга чейинки I-кылымда эле пайда болгон. Чүй ѳрѳѳнүндѳгү археологиялык табылгалар VII-XIII-кылымдарда бул жерде ири будда комплекстери жайгашкандыгын далилдеп турат.

Кыргызстанда азыркы буддизм болгону 30 жылдан бери жашап келет. Будда коомунун жетекчиси Олег Цойдун айтымына караганда, диний уюм 1989-жылы расмий каттоодон ѳткѳн.

«Биздин коом Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан түшүнүк менен жана жылуу кабыл алынган. Эч качан эч кандай карама-каршылыктар болгон жок», – дейт Олег Цой.

Photo: CABAR.asia

Кыргызстанда жаӊы диндердин бири – бахаи дининин да ѳкүлдѳрү бар. Аталган дин Персияда XIX-кылымдын ортосунда жаралып, азыркы Ирандын аймагынан тышкары, дүйнѳдѳгү бахаилердин уюштурулган коому алгачкы ирет Ашхабадда 1880-жылдын баштарында пайда болгон. Ошол эле жерде 1918-жылы дүйнѳ жүзү боюнча бахаилердин алгачкы ибадатканасы курулган.

Аталган уюм Кыргызстанда 1992-жылы расмий каттоодон ѳткѳн. Бүгүнкү күндѳ ѳлкѳдѳ 12 бахаи коому жана жүздѳгѳн ѳкүлдѳрү бар.

Кыргызстандагы бахаилердин улуттук диний кеӊешинин мүчѳсү Асель Исламханова тѳмѳнкүлѳрдү билдирди:

Кыргызстанда мен бахаи дининин ѳкүлү же башка конфессияга таандык экендигимди билдирген учурда башкалар тарабынан эч кандай агрессияга дуушар болгон жокмун. Кыргызстанда конфессия аралык ынтымак жашайт.

Кыргызстанда алгачкы евангелисттик лютерандардын коомдору 1999-жылы пайда болгон. Кыргыз лютерандарынын ѳзѳгүн экинчи дүйнѳлүк согуш учурунда депортацияланган немецтер түзгѳн. Бүгүнкү күндѳ ѳлкѳдѳ 15 чакты лютерандык чиркѳѳ бар. Photo: CABAR.asia

Кыргызстандагы лютерандык чиркѳѳнүн башчысы Кенжебек Ботобаев, ѳзү жана башка лютерандар мекендештери тарабынан кѳп жолу куугунтукка алынып, түшүнбѳстүктѳргѳ дуушар болгондугун эстейт. Лютеранчылыкка келгенге чейин 15 жыл бою ички иштер органында эмгектенген, кийин Бишкектеги диний семинарияга тапшырган.

Кыргызстанда Лютерандык чиркѳѳ 2001-жылы расмий каттоодон ѳткѳн. Ботобаевдин айтуусу боюнча, бүгүнкү күндѳ ѳлкѳ боюнча 600гѳ жакын жаран ѳздѳрүн лютеран деп эсептейт.

«Мурда абдан эле кыйын болгон, азыр болсо адамдар дин менен дин тутууну жакшы түшүнѳ баштады. Биз ѳзүбүздү жакшы сезебиз», – дейт Ботобаев.

Кѳчмѳндѳрдүн универсалдуу турак-жайы эки миӊ жылдан ашык мезгилден бери кыргыз эли үчүн ишеним жана чындык катары кызмат кылып келсе, «Жаныӊдагыга кѳӊүл бур» аттуу конференция-фестивалынын алкагында Кыргызстандын динине жана улутуна карабастан ѳлкѳнүн бардык жарандары үчүн жалпы үй экендигинин символу болуп кѳрсѳтүлгѳн. Photo: CABAR.asia

Түрдүү конфессиялардын ѳкүлдѳрү Кыргызстанда ар кайсы динге ишенген адамдар ѳз ара ынтымактуу жашап, биргелешкен иш-чараларды ѳткѳргѳн уникалдуу абал пайда болгондугун белгилешүүдѳ.

«Коӊшу республикаларга салыштырмалуу биз ѳлкѳбүздѳ кѳбүрѳѳк эркиндик бар экендигин, кѳз караш жана толеранттуулук кѳбүрѳѳк кабылдана тургандыгын айта алабыз», – дейт Акимжан Эргешов.

Үй-жайсыз жана аз камсыз болгон жарандарга биргелешип ысык тамак таратуу акциясы түрдүү диндердин ортосундагы ынтымак менен кызматташтыктын эӊ мыкты үлгүсү боло алат. Иш-аракетке алгачкы жолу катышкан «Умма» мусулман журналынын кабарчылары мындан ары дагы ушул сыяктуу кайрымдуулук иш-чараларын ѳткѳрүп туруу үчүн боорукер айым Ольга менен байланыш маалыматтарын алмашышты.

«Кыргызстанда конгфессия аралык ынтымакты сактап калуу үчүн жаштар менен иш алып барып, аларга биз баарыбыз бир мамлекеттин ичинде жашап жаткандыгыбызды жеткирүүгѳ тийишпиз. Мусулмансыӊбы, христиан же буддистсиӊби – бул маанилүү эмес. Эӊ негизгиси – сен адамсыӊ жана бул ѳлкѳнүн жаранысыӊ», – деп жыйынтыктады Бекжан Юсупов.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

Лейла Саралаева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты